Түркиядан санариптик ааламга чакыруу: Биз бөйрөк эмодзилерин каалайбыз
Түркия Юникодго бөйрөк эмодзилерин кошууга чакырды. Акция бөйрөктүн саламаттыгы тууралуу маалымдуулукту жогорулатууну көздөйт.
Түркия санариптик дүйнөдө жетишпеген символду толуктоо үчүн маанилүү кадам таштады. Түрк бөйрөк фондунун жетекчилигинде жана эл аралык бөйрөк ден соолук топторунун колдоосу менен бөйрөк эмодзилери сунушуЮникод консорциумуна берилди. Бул кадам бөйрөктүн саламаттыгынын санариптик дүйнөдө көбүрөөк таанылышын камсыз кылуу максатын көздөйт.
Санариптик дүйнөдө бөйрөктүн саламаттыгына көңүл буруу
Иш-чаранын алкагында 3D принтер менен өндүрүлгөн 2,5 метр бийиктиктеги гиганттык бөйрөк эмодзилери колдонулду. Бул модель аянтка чогулган жүздөгөн ыктыярчылардын, диализге кабылгандардын, орган трансплантациясын күткөн балдардын, үй-бүлөлөрдүн жана спортчулардын көңүлүн бурду. Түрк бөйрөк фондунун төрагасы Тимур Эрк : "Жүрөк, мээ жана өпкө эмодзилери бар болгону менен бөйрөктөрүбүз дагы эле көрсөтүлө элек. Түркияда ар бир 7 кишиден биринде бөйрөк оорусу бар. Бул кампания менен жаш муундардын аң-сезимин жогорулатууну максат кылуудабыз",-деди. Доктор Айше Агбаш балдардагы бөйрөк оорулары көбүнчө симптомсуз өнүгө турганын айтты. Туура эмес тамактануу, семирүү жана кайра иштетилген тамак-аштар балдардын бөйрөк саламаттыгын коркунучка салганына көңүл бурган Агбаш, бул тобокелдиктердин өзгөчө өспүрүм куракта күчөгөнүн белгиледи. Ал туура тамактануу, үзгүлтүксүз көнүгүү жана жетиштүү суу керектөө бөйрөктүн саламаттыгы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Акциянын максаттары жана келечектеги кадамдар
Акциянын максаты - бөйрөк ооруларын эрте диагностикалоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу, донордук органдардын маалымдуулугун жогорулатуу жана жаш муундардын арасында сергек жашоо боюнча маалымдуулукту жайылтуу. Санариптик дүйнөдө бөйрөктүн саламаттыгын көрсөтүү бул максаттарга жетүүгө салым кошо турган маанилүү кадам катары каралууда.
Комментарийлер (0)
Комментарий жазуу
Азырынча пикир жазыла элек. Биринчи пикирди сиз жазыңыз!