Украинанын Анкара элчиси Нериман Желалдан Түркияга рахмат: «Тынчтык үчүн Анкаранын ролу чоң»
Украинанын Анкара элчиси Нериман Желал Түркиянын ортомчулук ролун жогору баалады жана анын тынчтыктын орношуна жана туткун алмашуусуна кошкон маанилүү салымдарына көңүл бурду.
Украинанын Анкара элчиси Нериман Желал, өлкөсүнүн Эгемендүүлүк майрамынын алдында Анадолу агенттигине (AA) абдан маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Украин элинин эгемендик үчүн күрөшү жана Түркия менен болгон стратегиялык карым-катнаштарына баа берген Желал, Анкаранын эки өлкөнүн ортосундагы кризисте арачылык ролунун өтө маанилүү экенине басым жасады. Украинанын адилеттүү коргонуу согушун жүргүзгөнүн белгилеген элчи көз карандысыздык ар бир украин жараны үчүн өткөндү, азыркыны жана келечекти билдиргенин айтты.
Беш кылымдык тамыры терең достук жана стратегиялык өнөктөштүк
Элчи Нериман Желал Түркия менен Украинанын ортосундагы карым – катнаштардын эң аз 5 кылымдан бери башталганын белгилеп, эки элдин Кара деңиз бассейнинде кылымдар бою коңшулук мамилесин сактап келгенин эске салды. Түркиянын Украинанын эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн биринчилерден болуп тааныган мамлекеттерден болгонун баса белгилеген Желал : «Түркия азыркы кыйын мезгилде эгемендүүлүгүбүзгө жана жеринин бүтүндүгүнө эң күчтүү колдоо көрсөткөн досторубуздун бири»,-деди. Түркиянын согуш башталган 2022-жылдан бери көптөгөн украин жарандарын тосуп алганын белгилеген Желал, эки өлкөнүн ортосунда күчүнө кирген Эркин соода келишими менен карым-катнаштардын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенине көңүл бурду.
Туткун алмашуудагы Түркиянын ортомчулук ролу жана ийгилиги
Анкаранын согушту бүтүрүүгө багытталган дипломатиялык аракетин жогору баалагандарын белгилеген Желал, Түркиянын орус жана украин тарапты да жакындатуу үчүн өзгөчө аракет кылганын айтты. Президент Режеп Таййип Эрдоган жана командасына ыраазычылык билдирген элчи : «Стамбул сүйлөшүүлөрүнөн кийин болгон аскердик туткун алмашуу толугу менен Түркиянын демилгелеринин аркасында ишке ашты. Бул дипломатиянын тарыхында өтө маанилүү жана керектүү кадам. Ал Түркия менен Украинанын Кара деңизде туруктуу тынчтык жана коопсуздукту орнотуу үчүн биргелешип иштөөнү улантуусу керектигин баса белгиледи.
"Орусия согушту токтотууну каалабаган тарап"
Украинанын тынчтыкка ар дайым даяр экенин, бирок башка тараптан да бирдей эркти көрө албастыгын белгилеген Желал : «Украина, Түркия, Европа өлкөлөрү жана АКШ баш болгон баары бул кыйратуучу согуштун бүтүшүн каалайт. Бирок тилекке каршы Орусия тынчтыкка кызыкдар эмес»,-деди. Орусиянын өз макулдугу менен согушту бүтүрбөй турганын жактаган Желал, эл аралык коомчулуктун Москва башкаруусуна басым жасашы керектигин баса белгиледи. Орус жооптууларын Стамбул же Анкарада кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө алып келүү үчүн дипломатиялык күрөштүн улантылышы керектигин белгилеген Желал : «Дүйнө жүзүндө тынчтыкты эң көп каалаган өлкө – Украина. Мүмкүнчүлүк болсо бул согушту азыр бүтүрүүгө даярбыз»,-деп сөзүн жыйынтыктады.
Булак: Anadolu Ajansı
Комментарийлер (0)
Комментарий жазуу
Азырынча пикир жазыла элек. Биринчи пикирди сиз жазыңыз!