Эрбилде өткөрүлгөн программага катышкан Барзани, АКШ жана эл аралык коалиция күчтөрүнүн Ирактагы аскердик миссиясы аяктагандан кийин Пешмерге күчтөрүнүн аймактагы ар кандай коркунучтарга каршы турууга даяр экенин жарыялады. АКШнын жана коалициялык күчтөрдүн Ирактагы акыркы күнү экенин белгилеген Барзани, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө, Иракты коргоодо жана пешмерге күчтөрүн машыктырууда көрсөткөн колдоосу үчүн эл аралык коалицияга ыраазычылык билдирди.
Коалиция күчтөрүнүн кетиши достук карым-катнаштарды токтотпогондугун белгилеген Барзани: «Коалиция күчтөрүнүн миссиясынын бүтүшү бул достор менен болгон карым-катнаштардын бүтүшү дегенди билдирбейт. Карым-катнаштардын сапаты башка аймакка өтүп, башка формада болуп жатат деп айтууга болот» деп айтты. Террор коркунучу дагы эле уланууда, бирок Ирак күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү мурункуга караганда жакшыраак жана Пешмерга күчтөрү чөлкөм туш боло турган ар кандай кол салууга же коркунучка каршы турууга даяр»,-деди.
АКШнын жана Ирактагы коалициялык күчтөрдүн тарыхы
АКШ армиясы Британия баштаган коалициялык күчтөр менен бирге Саддам Хусейн биологиялык курал жасап жатат деп 2003-жылы март айында Иракка басып кирген. Жарандардын чоң баасын төлөп, өлкөдө башаламандык өкүм сүргөн бул процесстен кийин АКШ 2011-жылдын 18-декабрында согуштук күчтөрүн толугу менен чыгарып салганын жарыялап, бирок аскердик базалардагы болушун улантты. 2014-жылдын июнь айында террордук уюм ДЕАШтын пайда болушу менен АКШ коалиция күчтөрү менен Ирактагы аскерий позициясын кайрадан арттыра баштады.
Чыгып кетүү процесси жана Пентагондун билдирүүсү
Ирак менен АКШ 2024-жылы өлкөдөн аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү макулдашты. Ирак премьер-министринин Аскердик катчысы Сабах ал-Нуман 30-сентябрда эл аралык коалициянын Ирактагы миссиясы аяктап, коалициянын штаб-квартирасы жабыла турган күн экенин жарыялаган. Пентагондун акыркы билдирүүсүндө АКШ менен коалициялык күчтөрдүн Ирактагы миссиясы аяктаганы расмий жарыяланды.
Булак: Anadolu Ajansı
Комментарийлер (0)
Комментарий жазуу
Азырынча пикир жазыла элек. Биринчи пикирди сиз жазыңыз!